Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Парламент кайрадан паспорт маселесине кайрылат


БИШКЕК. Кыргыз парламентинин айрым депутаттары 13-марттагы отурумунда паспорт маселесин кайрадан козгошуп, маалыматтык ресурстар жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилиги анкеталарды жер-жерлерге убагында жеткирбей, жасалма таңсыктык жасап жатат деп күнөөлөштү. Төрага Марат Султанов бул маселе учурда өкмөттө да курч коюлганын айтып, эгер ал жакын арада чечилбесе депутат Исхак Масалиевдин өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу буга чейин айткан сунушу парламент кароосуна коюларын билдирди. Акырында депутаттар паспорт көйгөйүн ушул бейшембидеги өкмөттүк сааттын күн тартибине кезексиз киргизүү чечимин кабыл алышты. Ага өкмөт башчы Феликс Кулов жана тиешелүү тармактардын жетекчилери катышаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG