Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 02:18

Бешинчи мектепте иш таштоо болду


БИШКЕК. №-5 улуттук гимназиянын мугалимдери бүгүн иш ташташты. Ага мектеп деректири Турдубек Кубаталиевдин кызматтан кетүү тууралуу арыз жазышы себеп болгон. Мугалимдер жана ата-энелер тобу аны ордунда калуусун талап кылууда.
27-февралда аталган гимназиянын эки окуучусунун ортосунда чыр чыгып, бирөөсү экинчисин бычактап, натыйжада бычак жеген окуучу каза тапкан. Мектеп деректиринин арыз жазуусуна ушул окуя негиз берген. Ал эми билим берүү министрлигинин бөлүм башчысы Замир Конокбаев жогорудагыдай окуядан кийин мектеп деректиринин иштөөгө моралдык укугу жоктугун, ал өз арызынын негизинде кызматтан бошогонун ушул эле күнү «Азаттыкка» билдирди.

XS
SM
MD
LG