Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:28

Кыргызстандын тышкы карызынын теңи кечилеби?


БИШКЕК. Кыргызстандын 606 миллион доллар тышкы карызынын тең жарымы кечилиши ыктымалдыгын каржы министри Акылбек Жапаров бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Париж клубуна кирген жана ага мүчө эмес өлкөлөрдүн баары менен Кыргызстан эки тараптуу келишимдерге жетишти. Ушул жылдын 9-мартында буга дейре мындай келишимге макул болбой келген Түркия менен да 47 миллион доллар карыз акчаны төлөөнү кийинкиге жылдыруу тууралуу келишимге кол койулду.

XS
SM
MD
LG