Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:53

Былтыркы март ыңкылабында уурдалган 22 млн. сом боюнча иш токтоп турат


БИШКЕК. Былтыркы март ыңкылабынын учурунда Улуттук банктын Жалалабат облустук бөлүмүнөн уурдалган 22 миллион сомдон ашуун акчага байланышкан ишти тергөө аяктап, сотко өткөрүлгөн. Бирок бул иш боюнча айыптуу делген Нурлан Нышановдун айрым адамдардын кепилдиги менен баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, камактан чыккан соң качып кеткенине байланыштуу иш токтоп турат. Бул тууралуу баш прокурордун орун басары Абибилла Абдыгапаров бүгүнкү парламент жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Ал эми айрым депутаттардын кепилдик бергендерге жана аны бошотуп жибергендерге эмне үчүн чара көрүлбөй жатканы тууралуу суроолоруна канааттандыраарлык жооп болбоду.

XS
SM
MD
LG