Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Иерихон түрмөсүнө байланышкан окуяларды Евробиримдик кескин айыптады


Кечээ Израил аскерлери Йордан дарыясынын батыш жээгиндеги Иерихон шаарында түрмөгө чабуул коюшкан. Анткени палестин бийликтери Ахмет Саадатты бошото тургандыктарын айтышкан эле. Жыйынтыгында ал абакта олтурган “Палестинанын улуттук боштондук фронтунун” активисти Ахмет Саадат израил аскерлерине колго түштү. Ал 2001-жылы Израилдин туризм министри Рехавам Зээвини өлтүргөн деп айыпталып келген. Саадат 2002-жылдан бери ошол абакта олтурган. Түрмөдө жаткан 150 дөй киши Израил аскерлерине багынып берди..

Иерихондогу операцияга жооп иретинде Палестинада 10 го жакын чет элдикти уурдап кетишти. Европа биримдигинин Тышкы алакалар боюнча комиссары Бенита Ферреро-Валднер: “Эгерде палестиналыктар чет-өлкөлүктөрдү урдаганын коюшпаса, Еврошаркет Палестинага көрсөтүп жаткан каржылык жардамын кыскартат”, - деди.

XS
SM
MD
LG