Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

Туризмди өнүктүрүүгө кезектеги аракеттер көрүлөт


БИШКЕК. 24- марттагы окуядан кийин Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүш үчүн бардык тараптар биригүү керек. Мындай пикирин Өнөр-жай, соода жана туризм министринин орун басары Турусбек Мамашев Азаттыкка билдирди. Анын пикиринде, Кыргызстандын туристтик бейнесин жакшыртууга эл аралык уюмдарды жана элчиликтерди тартуу керек. Бүгүн аталган министрлик “Дасмий” эс алуу борборунда туризмди өнүктүрүү боюнча “тегерек үстөл” өткөрөт. Ага чет мамлекеттердин элчилери, эл аралык уюмдар да катышмакчы.

XS
SM
MD
LG