Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

ЧАЙКАНА: МОСКВАДА ТАЛАНТУУ АЯЛДАР ФЕСТИВАЛЫ, БИШКЕКТЕ «БАГДАСАР АКЕНИН» БЕТ АЧААРЫ


Жаңыл Жусубжан, Айжан Шаботоева Маскөөдөгү "Дом" маданият борборунда ушул күндөрү "Айымдар шаары" деген долбоор иштеп жатат. Бул жакта кимдер бар болду экен? Ал эми Бишкекте бүгүн Кыргыз драмтеатрда армян жазуучусунун комедиясынын бет ачаары болот, анда башкы ролду кыргыздын атактуу куудулу ойнойт.

Бул биз угуп жаткан добуштар классикалык Батыш музыкасына көнгөндөр үчүн бир аз чоочун угулушу мүмкүн, бирок бул көп өлкөлөрдө ойнолуп, далай күйөрмандарын тапкан "Лө Рөфү де ля Фермамаң" деген чыгарма, французчадан "Баш ийүүдөн баш тартуу " деп которулат. Жазылбекова Жамиля деген казак композиторунун бул чыгармасы "Маскөөнүн Заманбап Ансамблинин" аткаруусунда ушул күндөрү Орусиянын баш калаасында өтүп жаткан талантуу айымдардын долбооруна катышууда. "Көркөм өнөрдөгү аялдар" деп аталган орусиялык биримдик тарабынан уюштурулган мультимедиялык бул долбоордун бүгүнкү иш-чарасы "Көптүн ар кылдуулугу" деп аталат. Анын өзгөчөлүгү тууралуу долбоордун куратору Виктория Коршунова мага буларды билдирди:

ВИКТОРИЯ КОРШУНОВА:"Бул долбоорда аял-композиторлор, аял-аткаруучулар, электроника, визуалдык өнөр менен алектенген аялдар чогуу болушат. Өзгөчөлүгү, Марина Шмотова деген атактуу композитордун акустикалык чыгармасы менен катар, Татьяна Михееванын электроникалык музыкасы, Ираида Юсупованын "Аэлит" операсы жаңырат. Бир эле мезгилде, видео өнөрү болот. Ошондой эле коноктор музыканттарсыз мультимедиалык музыканы көрө алышат. Бул долбоордун "Көптүн ар кылдуулугу" деп аталышынын төркүнү ушунда жатат.

Жаңыл Жусубжан : Долбоорду көргөнү, укканы келгендер кимдер болду экен?

ВИКТОРИЯ КОРШУНОВА: "Биз ар бирибиз өнөр адамы катары турмушта ордубузду тапкан адамдарбыз. Өз убагында кыйын болгон, анын үстүнө канткен менен эркектердин коомунда жашайбыз. Аял иштеп, бала багып, күйөөсүн карагандан тышкары, кесипке ээ болуп, иштеш керек дагы. Кимге барып даттанабыз. Бирок биздин ишибизге эркектер түшүнүү менен мамиле кылып жатышат."

Жаңыл Жусубжан: Жалаң аялдардын чыгармачылыгына арналган фестивалдар Батышта катардагы көрүнүш десек да болот, кеминде эч ким буга таң калып, же мыйыгынан күлбөйт. Ал эми силер "Өнөрпоз аялдардын биримдигин түзүп, "Айымдардын шаарын" куруп, мындайча айтканда, "ким эмне деп айтат, бирөө бизге күлбөйбү" деп / кылчактаган түшүнүктөн өйдө көтөрүлө алган экенсиңер да?

ВИКТОРИЯ КОРШУНОВА: "Ар кандай болгон, биз менен иштешкен эки композитор aял "долбоорубузду "Айымдардын шаары" деп атаганыбызды укса, эркек композиторлор эмне дейт дешкен. Мен да таң калгам, бул кантсе да, эркиндигибиз чектелүү экендигин көрсөтөт. Бирок биз аялдардын башын кошууну гана максат кылган жокпуз. Биз абдан талантуу аялдардын башын кошконубузду көрсөткүбүз келди.

Жаңыл Жусубжан: Мен Маскөөдө болсом, бул долбоорго сөзсүз барат элем, анткени ал жерде ар кыл өнөрдөн тышкары, "Айымдардын шаары" үчүн атайын бышырылган торт да болот экен. Маскөөдөгү десерт сатуучу Кофеман рестораны менен катар, бул долбоорду Голландиялык "Мама-Кэш" уюму сүрөөнгө алганын эскерте кетмекчимин.

Бишкек да ар кыл өнөргө сахнасынан орун берген космополиттик шаар. Буга бүгүн Абдымомунов атындагы драм театрда армян драматургунун комедиясы биринчи жолу коюлат. Луи Пароняндын "Багдасар аке" аттуу спекталында башкы ролду атактуу куудул аткармакчы. Күмөндөр Абылов менен Айжан ат жалында баарлашты.

АЙЖАН: Армяндардын классикалык чыгармаларынын бири катары саналган бул комедия 20-кылымдын башында Стамбулда жашаган армяндардын жашоосунан алынган. Чыгармада сүйүү темасы чагылдырылат. Оюндагы башкы ролду, башкача айтканда Багдасар акенин ролун белгилүү куудул, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Күмөндөр Абылов ойномокчу. Күмөндөр мырзаны сөзгө тартканыбызда ал бул чыгармага экинчи жолу кайрылып жаткандыгын айтты:

Күмөндөр Абылов: -Бул чыгармага экинчи жолу кайрылып жатам. Мен Нарын музыкалуу драма театрында иштеп турганда көрсөткөн элек. Анда мен Пайлак деген сотко байкоочу катары катышкан адамдын ролун аткарган элем. Ал эми бул жакта Багдасардын ролун ойноп жатам.

АЙЖАН: -Чыгарманын актуалдуулугу туурасында эмне айта аласыз?

Күмөндөр Абылов : -Пьеса өзү адамзатына, сүйүүгө, үй-бүлөгө байланыштуу. Негизи үй-бүлөнү кантип сактап калуу керек жана кандай акыбалда үй-бүлө бузулат, мына ушуга байланыштуу түгөнбөгөн, турмуштан алынган окуяларды камтыйт.

АЙЖАН: -Ал эми чыгармадагы башкы каармандын ролун жеткиликтүү аткардым деп эсептейсизби?

Күмөндөр Абылов: -Кандай аткаргандыгым жөнүндө элге алдын-ала айта албайм. Бизди жаман да, жакшы да кылып көтөрүп алчу эл. Артисттер элдин күзгүсү деп эсептелсе, мен айтар элем эл кайра артистердин күзгүсү деп, себеби биздин канчалык деңгээлде аткарганыбызды элдин кол чапканы аркылуу билебиз. Андыктан мен радиоугармандарды театр өнөрүн сүйгөнгө чакырат элем.
XS
SM
MD
LG