БИШКЕК. Бүгүн өкмөт башчы Феликс Кулов паспорт кризисин жоюу боюнча жыйын өткөрдү. Анда паспорт маселесин чечүүнү кечеңдеткени жана проблемаларга жол бергени үчүн маалыматтык ресурстар жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Амангелди Кенжетаевге катуу сөгүш, ички иштери министринин орун басары Темиркан Субановго сөгүш берилди. Ошондой эле өкмөт башчы тиешелүү жетекчилерге бул маселени 20-апрелге дейре жөнгө салууну тапшырды