Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Президент администрациясынын мурдагы жетекчиси Т. Касымовго издөө жарыяланды


БИШКЕК. Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Тойчубек Касымовго кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланды. Ага Чолпоната-Алматы жолун курууда мамлекеттик чоң каражатты жеп койгон деген айып тагылууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат бөлүмүнүн башчысы Токтогул Какчекеев Азаттыкка билдирди:
- Чолпоната-Алматы жолун курам деп анүчүн келген каражатты өз кызыкчылыгына жумшап жиберген. Ыссыккөл облустук прокуратурасы бу боюнча кылмыш ишин козгогон. Жакында прокуратура ИИМге кайрылып, тез арада таап камакка алууну өтүндү,- дейт Токтогул Какчекеев. Чолпоната- Алматы жолунун курулушунда Тойчубек Касымов баш аягы казынага 5 миллион сомго чукул зыян келтирген. Ошондой эле аялына катталган үйдү 2 жарым миллион сомго президенттин иш башкармалыгына сатып жиберген.

XS
SM
MD
LG