Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:31

ӨЗБЕКСТАНДЫК ДИНИЯТЧЫ АБИДХАН КАРЫ НАЗАРОВ БАТЫШКА КАЧЫП КУТУЛДУ


Абидхан Кары Назаров Өзбекстандык динзарлар арасындагы таанымал инсан. 90-жылдардын башында Карынын дарстарына катышуу жана жума күнкү кутпа сөзүн угуу үчүн Ташкендин Токтобай мечитине бүтүн өлкөдөн мусулман жарандар келчү. Улуттар Уюму качкын деп тааныган Абидхан кары бейшемби күнү Казакстандан Батыш Европага учуп кетти.

15-март күнү Улуттар Уюмунун Качкындар агенттиги Абидхан Кары Назаров жана анын үй-бүлөсү Батыш Европадан саясый башпаанек алганын ырастады. Агенттиктин жооптуу кызматкери Нарасимха Рао Алматыда жасаган билдирүүсүндө Өзбек бийликтеринин Назаров террорчулук же экстремисттик ишмердүүлүк кылган деген айыптоосун четке какты:

-Назаров качкын иретинде эл аралык коргоого муктаж. Анүчүн биз ага качкын макамын берип, коргоого алдык.

Ислам дининин таасиринен корккон Өзбек бийликтери 1996-жылы Абидхан Карыны имамдыктан түшүртүп, бир ирет абакка салат, бирок, элдин нааразычылыгынан улам бошотулат. 1998-жылдын март айында Назаровго камакка алынаарын санаалаш адамдары эскерткенден кийин, ал жашырын жашоого өтөт.

Бийликтер Назаровду террорчу, диний экстремист, Өзбекстан ислам кыймылы менен байланышта деп күнөөлөшүп, ага издөө салат.

Кээ бир байкоочулар Абидхан Карыны өкмөттөн көзкарандысыздык издеген диниятчыларды талкалоо саясатынын курмандыгы болду деп санашат. Алардын бири Лондондогу Тынчтыкты жана Согушту чагылдыруу институнунун улук редактору Жон МакЛөд:

- Абидхан Карынын окуясы - мамлекеттик дин- ал сыяктуу бир катар көзкарандысыз имам-молдолор менен катуу каршылашып турган жылдардагы эң алгачкы окуялардын ажырагыс бөлүгү.

МакЛөд 1996-97-жылдары Назаров менен төрт ирет жолугушуп, жакындан таанышкан.
Назаровдун үммөтү деп ондогон адамдар камалып, анын эки жардамчысы, үч бир тууганы, айдоочусу экстремист деп айыпталган. Зайыбы да камалып, бирок эл аралык коомчулуктун кысымы астында бошотулган. 2004-жылы Ташкенде Абидхан Карынын чоң уулу дайынсыз жоголгон.

БУУнун Качкындар агенттигинин жооптуу кызматкери Нарасимха Рао “Азаттыкка” берген интервьюда диссидент-имам былтыр ноябрда агенттикке кайрылганын, Казак бийликтерине кызматташуусу үчүн ыраазычылыгын билдирди:

-Казак бийликтерине алкышыбызды айтышыбыз керек. Биз Назаровду качкын деп таанып, Качкындар агенттигинин коргоосу астында экенин маалымдагандан кийин, Казак тарап мамлекеттик милдеттенмелерин аткарып, үчүнчү өлкөдөн башпаанек табылганча, анын өлкөдө турушуна мүмкүндүк беришти. Бүгүн Назаровду жөнөтмөк болгонубузда, бийликтер анын өлкөдөн чыгып кетүүсүнө уруксат беришти.

Бирок, диссидент-имам кайсы өлкөдөн башпаанек тапканын Рао айтпады.
XS
SM
MD
LG