Вашингтондун позициясын АКШнын Улуттар Уюмундагы туруктуу элчиси Жон Болтон түшүндүрдү. Анын айтымында, АКШ баарыдан мурда документте кеңешке мүчө болуунун катаң механизмдери каралбай калган, ошондуктан ал адам укуктары боюнча кеңештин ишин жакшырта алары арсар деп эсептейт. Ошол эле учурда Болтон кеңешке Кошмо Штаттары материалдык жактан колдоо көрсөткөнгө даяр экенин ырастады.
Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан адам укуктары чөйрөсүндө АКШ жакшы рол ойногонун белгилеп, жаңы кеңештин ишин кооптуу абалга коё турган кандайдыр бир кадамдарды жасабай турганына ишеним билдирди. Жаңы кеңешти болсо Аннан күчтүү органга айланат деп үмүттөнөт.
Жаңы кеңеш Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча Женевада жайгашкан комиссиясын алмаштырат. Бу комиссия 1948-жылы кабыл алынган жалпы декларацияны даярдоого катышкан.
Бирок соңку жылдарда анын атына огоэле көп өгөй-татай сөздөр айтыла баштаган эле. Ага атүгүл адам укуктары принцибин дегеле карманбаган өлкөлөр, анын ичинде Судан,Зимбабве,Куба мүчө болуп киришкен. Ошондуктан Кофи Аннан өтө эле саясатташып кеткен бу комиссияны таркатып,анын ордуна жаңы кеңеш түзүүнү сунуш кылган. Резолюциянын текстин башкы ассамблеянын төрагасы Ян Элиассон даярдап,бир нече ай талкууланды.
Кечээ кабыл алынган резолюцияга ылайык, азыркы комиссия быйыл 16-июнда ырасмий түрдө таркатылат, андан үч күндөн соң адам укуктары боюнча жаңы кеңеш биринчи жыйынга чогулат. Кеңештин 47 мүчөсү болот, ага адам укуктарынын дүйнөдөгү абалына байкоо жүргүзүү, бул чөйрөдөгү мыйзам актыларын өркүндөтүү жагынан айрым өлкөлөргө жардам көрсөтүү милдети жүктөлөт.