Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:50

Сот эркин журналистти абактан бошотту


ЖАЛАЛАБАТ. Соттук коллегия Жаныбек Момуновду кылмыш кодексинин 127-беренесине ылайык күнөөлү деп тапты. 63-статьянын негизинде эки жылга сынак мөөнөтүн берүү менен жазасын өзгөрттү. Мунапыс мыйзам менен мурда соттолгондугун да жойду. Ал “Республика” гезитиндеги макаласында Жогорку Кеңештин депутаты Эргеш Төрөбаевдин аброюна шек келтиргендиги үчүн 2000-жылы жети жылга эркинен ажырап, 2 жыл 9 ай түрмөдө отурган. Өткөн айда аталган депутаттын арызы менен үч жылга кайра соттолгон. Депутаттын өкүлү облустук соттун чечимин жокко чыгаруу үчүн Жогорку сотко кайрыларын билдирди.


АБА ЫРАЙЫ

Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!

БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун билдирүүсүнө караганда, 17-19 март күндөрү Чүй, Талас, Жалалабат, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 0...-3 градус суук болуп, үшүк жүрөт. Ошондой эле
17-мартта Жалалабат, Ош облустарынын тоолуу аймактарында жана Бишкек-Ош жолунун 198-265 чакырым аралыктарында көчкү жүрүшү күтүлөт.

17-мартта Кыргызстандын айрым аймактарында жаан-чачын болот. Түндүк-батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 0...-2, күндүз +2...+7 градус.
Талас облусунда түнкүсүн 0...-2 градус, күндүз +1...+6.
Жалалабат, Ош, Баткен дубандарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +3...+8 градус болот.
Ысыккөлдө түнкүсүн -1...-6, күндүз +1...+6 градус.
Нарында түнкүсүн -2...-7, күндүз -3...+2 градус.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0...-2 градус суук, күндүз +4...+6 градус жылуу.

Шайырбек Эркин уулу

Редактору Кубатбек ЧЕКИРОВ

XS
SM
MD
LG