Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

Нарында нааразы базарчылар облустук бийликтин имаратына кирип барышты


НАРЫН Облустук акимчиликке келген 15 айым ээ-жаа бербей үчүнчү кабатка чейин чыгышып, бийлик жетекчилерине нааразылыктарын угуу талаптарын билдиришти. Көрсө шаар мэринин буйругунун негизинде борбордук Береке базарынын айланасындагы, асыресе Сагынбай Орозбак уулу жана Шуллер көчөлөрүнүн кесилишиндеги майда соода кылгандарды базар ичине киргизүү жөрөлгөсү башталган экен. Бирок мындай чечимге соода кылгандар макул эмес. Ал эми сүйлөшүүгө келген шаар акими Бейшенаалы Боогачиев быйыл санитардык абалга жооп бербеген базарлар жабыларын жана бир өңчөй үлгүдөгү товарлар атайын жайларга топтотуларын билдиргенден кийин нааразылык иш чарасына келгендер тарап кетишти.

XS
SM
MD
LG