Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:38

420 миң доллардын доосу боюнча сот уланды


БИШКЕК. Бүгүн Биринчи май райондук соту Баткен окуясынын учурунда экс-президент Аскар Акаевге берилди делген 420 миң доллар боюнча сот жараянын улантты. Бул күнү Аскар Акаевдин атынан анын адвокаты Максим Максимович көрсөтмө берип, коюлган айып негизсиз деп эсептээрин айтты. Аталган иш боюнча айыпталып жаткандардын бири, ошол кездеги эсеп палатасынын башчысы Медет Садыркулов Аскар Акаевдин иш бөлмөсүнө 420 миң доллар салынган портфелди коюп чыгып кеткенин билдирди. Ишти кароо эртең да улантылат.

XS
SM
MD
LG