Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 16:29

Израилдин премьер-министринин милдетин аткаруучу Эхуд Ольмерт: “Иерихон түрмөсүндө колго түшүрүлгөн 6 палестин Израилде соттолот”, - деп билдирди


Израил бийликтери ошол алты адамдын бешөөсү 2001-жылы киши колдуу болуп өлгөн израилдик министрдин өлүмүнө тиешеси бар, ал эми бирөөсүн мыйзамсыз түрдө курал-жарактарды алып-саткан деп шектеп жатышат.
Палестинанын президенти Махмуд Аббас эки күн мурда израилдик аскерлер Иерихон түрмөсүнө чабуул коюшун кескин айыптады. Британиянын Тышкы иштер министри Жек Стро: “Иерихондон британиялык жана америкалык байкоочулар кетишкенден кийин эле түрмөгө рейд жасалганында эч бир байланыш жок”, - деп билдирди.
Иерихондогу операциядан кийин палестиндер 10 го жакын чет-элдикти уурдап кетишкен эле. Кийин алар төрт адамды бошотушту.

XS
SM
MD
LG