Анын сөөгүн кечээ мекенине, Белградка, алып келишкен. Милошевичтин жасатын учактан чыгарып жатышканда, Белград аба-майданынын жанына чогулган эл маркумдун ысмын айтып, ураалап турушту.
Милошевичтин социалисттик партиясынын ырасмий өкүлдөрү билдиришкендей, аны ишембиде өзү төрөлгөн Пожаревац деген шаарда көмүшөт. Ага чейин эки күн бою Милошевичтин денеси Дединже деген жериндеги кичинекей музейине сакталат. Ал жерде каалагандар келип экс-лидер менен коштошо алат.
С.Милошевичтин таажиясына ушу тапта Москвада жүргөн аялы Мирьяна Маркович келбей турган болду. Анткени өз өлкөсүндө ал бир топ кылмыштар үчүн айыпталууда.
Югославиянын мурдагы президенти Слободан Милошевич согуш кылмыштары жана геноцид үчүн айыпталып, соңку беш жыл бою Гаага трибуналында сотто сурак берип келген. Ал 11-мартта түрмөдө каза тапты.