БИШКЕК. «Советтер Союзу тарашы керекпи же жокпу?»- деген маселе боюнча өткөн референдумдун 15 жылдыгына карата Кыргызстан коммунисттик партиясы бүгүн Бишкектин эски аянтындагы Лениндин эстелигинин алдында митинг өткөрөт. Партия лидери Клара Ажыбекованын айтымында, 1991-жылдын 17-мартында өткөн референдумда калктын 70 пайыздан ашууну өлкөнүн сакталып калышын колдогон. Митингде мурдагы СССР курамына кирген өлкөлөрдү эми конфедеративдик негизде болсо да бириктирүү демилгеси козголот. Мындан сырткары Аксы окуясында курман болгондор да эскерилет.
Шайырбек Эркин уулу
Шайырбек Эркин уулу