Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:35

КЕРЕМЕТ ҮКӨК: КЫРГЫЗ РЕЖИССЕРЛОРУ ТАШКЕНТТЕН КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИКТИ ӨРКҮНДӨТҮП КЕЛИШТИ


Жаңыл Жусубжан Ташкендеги Ильхом театрын ким билбейт! Быйыл 30 жаштын кырын ашкан бул маданий очок Советтер Союзундагы алгачкы кесипкөй, бирок мамлекеттик эмес театрлардын бири болчу. Авангардчыл шаардык театрда Борбор азиялык жаш режиссерлордун лабораториясы ачылган. Анын үчүнчү сессиясына Кыргызстандан Бишкек шаардык театрынан Касенов Канат жана Ош драмтеатрынан Апыев Талантбек катышып, кечээ мекенине кайтып кетишти.

Швецариянын Борбор Азиядагы Өнүктүрүү жана Кызматташтык бюросунун колдоосу менен уюштурулган лабораториянын марттын биринен он бешине чейин созулган сессиясынын негизги темасы - пьесасы жок театр үчүн чыгарма жаратуу болду.

Ильхом театрынын көркөм директорунун орун басары, аталган долбоорунун координатору Максим Тюменов бизге буларды билдирди:

МАКСИМ ТЮМЕНОВ: Спектакль драматургиялык материалсыз, жазылган пьесасы жок, фольклордук элементтердин, импровизациянын негизинде жаралат. Бул абдан жандуу, чыгармачыл жараян. Актер менен режисер тыкыс иштешет, актер идеялар менен келет, чогуу карап, аны дагы тереңдетишет. Долбоордун катышуучулары үчүн бул абдан кызыктуу болду, анткени алар актер менен режиcсердун көз карандысыз, эркин, бир эле мезгилде биргелешкен ишин көрө алышты.

ЖАҢЫЛ ЖУСУБЖАН: Силердин лабораторияда көрүп билгенин режисерлор өз мекенинде колдоно алышабы, жаңыча, эксперименталдык театрга мисалы Кыргызстанда жетиштүү шарт бар деп ойлойсуңарбы?

МАКСИМ ТЮМЕНОВ: Мен Кыргызстанда мындан эки жыл мурда болгом, "Тынчтык үчүн" деген фестивалда бир катар театрларга байкоо салып, бир нече кыргыз спектаклдерин көргөм. Айрымдары мага аябай кызыктуу көрүндү. Көрөңгөсү бар, аны өнүктүрө алышат деп ишенем. Негизи Борбор Азиялык жумурияттардан Өзбекстан менен катар Кыргызстан эң театралдашкан өлкө. Казакстанда театр коммерциялашып кетти. Тажикcтан согуштан аксап калды. Кыргызстан бул багытта стабилдүү өнүгүп келатат деп айтаар элем.

ЖАҢЫЛ ЖУСУБЖАН: Максим Тюменов, Ташкендеги Илхом Театрынын өкүлү бизге ушуларды билдирди. Ал эми Бишкекте бүгүн жаш акындардын фестивалы өткөнү жатат. 30 жашка чейинки 60тан ашык таланттар тартылган иш-чара тууралуу Айжан айтып бермекчи:

АЙЖАН: Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги бекиткен “100 маданий долбоордун” алкагында уюштурулган бул иш-чаранынын демилгечилери улуттук китепкананын чыгармачыл жамааты. Аталган китепкананын жетекчиси Жылдыз Бакашева жаштардын чыгармачылыгын жандандыруу, окурмандарга тааныштуруу, жайылтуу максатында бул фестивалды өткөрүп жатабыз дейт:

ЖЫЛДЫЗ БАКАШЕВА:-Башкы максаты жаштардын чыгармачылыгын жандандыруу, ошондой эле табит мүдөөсүн калыптандыруу. Поэзия деген ыйык дүйнөнү аздектеп тандап алгандан кийин, анын тар жол, тайгак кечүүсүнө, башкача айтканда баардык кыйынчылыктарына чыдай билүү, ошол эле учурда эң бир ыйык, эң бир урмат экендигин сезе билсе деген максат.

АЙЖАН:Ал эми баардыгы болуп канча акын катышмакчы?

ЖЫЛДЫЗ БАКАШЕВА: Келип түшкөн кол жазмаларды эсептеп көргөндө алтымыштан ашык конкурсант бар. Катышуучулардын негизги бөлүгү “Калемгер”, “Жаш толкундар” жана “Нур” адабий ийиримдеринин таланттуу жаштары. Ошону менен бирге баардык жогорку окуу жайлардын филология жана журналистика факультеттеринин студенттери катышышат.

АЙЖАН:Сынактын негизги талаптары кандай ?

ЖЫЛДЫЗ БАКАШЕВА: Биринчиден сөздүн тактыгы, мазмуну, уйкаштыгы, ойдун тереңдиги, чыгарманын көркөм деңгээли, ошондой эле ырдын көркөм мазмунун ачып берүү чеберчилиги каралмакчы.

АЙЖАН: Женүүчүлөргө кандай сыйлыктар ыйгарылат?

ЖЫЛДЫЗ БАКАШЕВА: Фестивалдын жеңүүчүлөрүнө маданият министрлиги тарабынан белгиленген атайын акчалай сыйлыктар жана дипломдор ыйгарылат. Ошону менен катар жазуучулар союзу да дипломдору менен акчалай сыйлыктарын тапшырат. Ал эми биздин китепкананын жамааты жаш акындарга китеп белек кылабыз.

ЖАҢЫЛ ЖУСУБЖАН: Рахмат, Улуттук Китепкананын жетекчиси Жылдыз Бакашева менен Айжан маек курду. Эгер сизди алтын шилекейин чачкан жаш акындарды угам десеңиз, саат үчтө Улуттук китепканага келиңиз.
XS
SM
MD
LG