Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

АКСЫ АЛААМАТЫ, 24-МАРТ: РЕВОЛЮЦИЯБЫ ЖЕ ТӨҢКӨРҮШПҮ


17-марттагы гезиттерде мындан 4 жыл илгери өткөн Аксы алмаатынын сабактары, бир жыл мурунку элдик ыңкылап тууралуу ойлор, пикирлер, сунуштар, комментарийлер арбын жарыяланды.

“Кыргыз руху” гезитинде Кыргызстандын Башкы прокурору Камбаралы Конгантиевдин “Арааны ачылган Акаев” деген макаласы жарыяланды. “Прокуратура органдары А.Акаевге, анын туугандарына жана жакындарына тиешелүү болгон мүлктөрдү изилдөөдө 79 кылмыш ишин козгоду. Бул иштер боюнча мамлекетке жана коомубузга келтирилген чыгым астрономиялык сумманы – 442,8 млн. сомду жана 29 млн. 680 миң америкалык долларды түздү. Тергөөнүн жүрүшүндө 173,9 млн. сом кайтарылды. Кылмыш иштер боюнча 1 миллиард 389,9 млн. сомдук, 160 миң евролук жана 60 миң долларлык мүлккө арест коюлду”, деп маалымдайт К.Конгантиев.

Башкы прокурордун маалымдашынча, Аскар Акаевдин уулу Айдарга каршы 5 кылмыш иши козголуп, айтылуу “Мээрим” фондуна байланышкан 28 кылмыш иши териштирилген.

Жума күнкү “Жаңы кылым” гезитинде Мирлан Дүйшөнбаевдин “Эстен кеткис Аксы окуясы же өзүм күбө болгондорду эскерип...” деген көлөмдүү макаласы жарыяланды. Боспиектин жанында тынч келаткан элди милиция кызматкерлери кантип атканын М.Дүйшөнбаев мындайча сүрөтттөйт: “Немецтик фашисттерди бутага алгандай шерденген Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкери дагы артынан үч-төрт жолу атып, тийгизе албай калат. Алар мал жайып жүрүп, эл чогулганын көрүп жөн эле бастырып келип калышкан балдар экен”.

“Жаңы ордо” гезитинин жума күнкү санында Жоробек Мурадиловдун “Элинен качкан экс-прездент” деген макаласы жарыяланды. А.Акаевдин кош майрам алдында элге кайрылуусуна жооп кылып автор: “А.Акаев студенттерге тердеп-кургап дарс окуп, танаписте казы-чучуктун ордуна университеттин буфетинен бутерброд жеп, кечинде болсо аялы менен кызынан “ушунун баары сенин жүүнү боштугуңан болду” деп тил уккан киши жатып алып Алатоосуна кат жазбагандан башка эмне иш кылат”, деген жүйөөсүн ортого салат.

А.Акаев жакын адамдарынын, үй-бүлөсүнүн эмне иш кылып жатышкандарын жакшы билгенин Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Мамбетжунус Абылов “МСН” гезитиндеги “Ыңкылап болду” деген макаласында ырастаган. Үй-бүлөсүнүн жасап жаткан иштеринен корккон А.Акаев 2005-жылы кандай да болсо бийликте калуунун амалын ойлоп, парламент шайлоодон жалаң бийликтин камчысын чабышка кайыл адамдарды өткөрүүгө аракет кылып, Конституцияны өзгөртүүгө ниеттене баштаган, дейт макала автору.

Конституциялык реформа, Аксы окуясы тууралуу жума күнкү “Аалам” гезитинде Жогорку сот төрагасы К.Осмонов ой жүгүрткөн. Анын ырасташынча, соттук реформаны мыйзам реформасы менен кошо жүргүзүү керек. Соттор кол тийбестик укугуна ээ болушу зарыл.

Ушул эле гезитте жаштардын “Келкел” кыймылынын лидери А.Мамасалиевдин маегине да орун берилген. “Бирок биз Акаевдин тушундагы Конституция менен жашап жатабыз, бийликке саясатка жаштар аралашкан жок”, дейт А.Мамасалиев.

Жума күнкү “Агым” гезитинде парламент депутаты А.Бекназаровдун “Күнөөлүүлөрдү жазалаганга жетишпей калдым” деген маалымат жыйынындагы пикири жарыяланды. “Аксы окуясына күнөөлүү катары ошо кездеги премьер-министр Бакиев Коопсуздук кеңеш жыйынында кызматтан алынган... Биз ага күнөөлүү катары сурак алууну айтканбыз, бирок болбой калды”, дейт А.Бекназаров.

А.Бекназаров Башкы прокурор болуп турганда Аксы окуясына күнөлүүлөрдү жазалоого жетишмек, бирок ал саясатташып жүрүп алды, дейт белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун ушул эле гезиттеги маегинде. “Кызматтан алынышына Азимбек өзү негиз берди. Мисалы, качкындар бизге келгенде эларалык конвенцияга туура келбеген ишти жасап” “өз билгенин кылган” , дейт Т.Акун.
XS
SM
MD
LG