БИШКЕК. Ажылыкка барган Кыргызстандыктардын 200 чактысы дале мекенине кайта элек. Сауд Арабияга визасы жок барган бул атуулдардын Кыргызстанга кайтуусу үчүн бардык маселелер чечилген, бирок Ош аба майданы акча төлөсүн деген шылтоо менен учакты кабыл алуудан баш тартууда. Бул тууралуу депутат Искендер Гайыпкулов бүгүнкү парламент жыйынында билдирди. Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Өмүрзак Мамаюсуповдун бүгүн «Азаттыкка» билдиргенине караганда, визасы жок Сауд Арабиясына баргандар, кийинчерээк ажылыктан кийинки жөрөлгөлөрдү аткаруу үчүн аталган өлкөгө киргизилген. Сүйлөшүүлөрдөн соң Арабия тарап автобус менен барган бул атуулдардын жол кирелерин көтөрүп, учак менен кайтарууга макул болгон.