Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:50

Аксылыктар Аскар Акаевди жоопко тартуу талабын койду


БИШКЕК. Бүгүн Аксы окуясынын төрт жылдыгы белгиленди. Эки миңден ашуун адам катышкан Аксыда өткөн эскерүү митингинде бул окуя мурдагы бийликтин кечиримсиз иши экени, ал былтыркы март ыңкылабынын башаты болгону белгиленди. Митингде Аскар Акаевди жоопко тартуу, конституциялык реформа жүргүзүү тууралуу президенттин наамына жана коомчулукка кайрылуу кабыл алынды. Кайрылуудагы талаптар аткарылбаса президент Курманбек Бакиевди кызматтан кетирүү боюнча кол топтолоору эскертилди. Мындан төрт жыл мурда Аксыда депутат Азимбек Бекназаровду камактан бошотуу талабы менен чыккан элге милиция тарабынан ок атылып, алты адам окко учкан.

XS
SM
MD
LG