БИШКЕК. Бүгүн улуттук филармонияда «Эмгек жана биримдик» партиясынын биринчи курултайы өтөт. Кечээ аталган партия Кыргызстандын калкына кайрылуу жолдоп, бийлик бутактарын жана саясий күчтөрдү кызматташууга, элди биримдикке чакырды. Партия 24-мартта өлкөдө чыныгы элдик ыңкылап болгон деп эсептейт.