БИШКЕК. Мурдагы президенттин уулу Айдар Акаев Кыргызстандын башкы прокуратурасынын тергөөчүлөрүнө Москвада көрсөтмө берүүгө макулдук берди. Бул тууралуу баш прокурор Камбаралы Конгантиев билдиргенин жергиликтүү маалымат агенттиктери кабарлады. Айдар Акаевдин үстүнөн беш кылмыш иши козголуп, бул иштер боюнча иликтөөлөргө караганда, мамлекетке жана жеке тараптарга 3,5 миллион сомдон жана эки миллион доллардан ашык чыгым келтирилген. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов Айдар Акаевди депутаттыктан чакыртып алуу маселеси апрель айында карааларын билдирген. Айдар Акаев былтыркы март ыңкылабынан кийин ата-энеси менен кошо өлкөдөн чыгып кеткен.