Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:31

Модельер Олег Кассини 93 жашында кайтыш болду


Кассини АКШнын биринчи айымы Жаклин Кеннедиге жана көптөгөн Голивуд жылдыздарына кийим тиккен. Аялы Мариана анын баш кан тамыры үзүлүп кетип, Нью-Йорктогу ооруканада көз жумганын маалымдады. Парижде 1913-жылы туулган Кассини италиялык ак сөөк менен орусиялык дипломаттын баласы болгон. Ал Италияда өсүп, 1936-жылы Кошмо Штаттарына кеткенге чейин Римде мода дүкөнүн иштеткен.

Жаңыл Жусубжан, Прага

 

XS
SM
MD
LG