Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:20

Слободан Милошевич бүгүн жерге берилүүдө


Мурдагы Югославиянын мурдагы президенти Белграддан түштүк-чыгыштагы туулган шаары Позаревачта көмүлөт. Милошевич жекшембиде Гаагадагы БУУнун Согуш трибуналынын түрмөсүндө жүрөгү кармап кайтыш болду. Ал 1990-жылдардын биринчи жарымындагы Балкан согушундагы геноцид, согуш жана адам баласына каршы кылмыштары боюнча соттолуп жаткан. Бүгүн Белградда сөөктү Позаревачка узатуу аземине жүздөгөн киши келди. Аземди Милошевичтин Социалисттик партиясы уюштурду. Бул партиянын өкүлдөрү Милошевичти жерге коюуга анын жакын туугандарынын көбү катышпайт деп билдирди. Маскөөдө сүргүндө жашаган анын аялы Миряна Марковичке Сербияда кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып коюлуп, кылмыш иши ачылган. Милошевичтин 2000-жылы бийликтен кетишине алып келген нааразылык акцияларынын уюштуруучулары бүгүн Белградда Милошевичке каршы митинг өткөргөнү жатышат.

XS
SM
MD
LG