Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Беларуста президенттик шайлоого даярдык аяктап калды, оппозиция добуш берүү акыйкат болбойт деп айтып жатат


Кечээ оппозиция талапкерлери Александр Милинкевич жана Александр Казулон Минскиде митинг өткөрүп, өз колдоочуларын көчөгө гүл кармап чыгууга чакырышты.

Бүгүн Минскиде Милинкевич демонстрация өткөрөт. Демонстрацияга Беларус бийликтеринен уруксат алынган. Анда президент Александр Лукашенкону сындаганы үчүн Беларус радиосунан музыкасы уктурулбаган эстрада ырчылары ырдашмакчы.
Лукашенко Беларусту 12 жылдан бери башкарып келатат жана эртең ал үчүнчү жолу шайлоого катышат. Оппозициядан бардыгы болуп үч талапкер ат салышууда. Аналитиктердин көбү шайлоонун эркин жана акыйкат болооруна көздөрү жетпейт. Лукашенко кечээ кечинде Беларуста төңкөрүш болбойт деп эскертти.

XS
SM
MD
LG