Профсоюздар өкмөттөн өлкөнүн Эмгек боюнча жаңы мыйзамын дүйшөмбүнүн кечине чейин чакыртып алуунун талап кылышууда. Андай болбогон шартта бир күнгө жалпы элдик иш таштоо жана массалык демонстрациялар дагы өттөөрүн эскертүүдө. Анткен менен француз өкмөт башчысы Доминик де Вильпен мыйзамды кайра чакыртып алуу жөнүндөгү талаптардан баш тартты.
Иш берүүчүлөргө жаштарды алгачкы эки жылкы сынак мөөнөттүн аралыгында эч себепсиз жумуштан бошотууга мүмкүндүк берген мыйзам долбоору соңку күндөрү Францияда бир катар нааразылык акцияларынын чыгышына, полиция менен демонстранттардын кагылышуусуна алып келди.