Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Шайлоонун баштапкы жыйынтыктары, президент Александ Лукашенко үчүнчү мөөнөткө атаандаштарынан чоң ажырым менен шайланганын көргөзүүдө. БШК тараткан маалыматка караганда, Лукашенкону добуш бергендердин 82,6%ы колдогон. Ал эми оппозициянын башкы талапкери Александр Милинкевич БШКнын эсептөөсү боюнча 6% добуш алды. Шайлоодо добуштардын бурмаланганына нааразылык билдирип, өткөн түнү башкалаа Минскинин Октябрь аянтында 10 миңдей адам жыйналды. Оппозиция талапкери Александр Милинкевич шайлоону "фарс" деп атап, жаңы шайлоо өткөрүү чакырыгы менен чыкты.