Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:05

Иракта бүгүн согуш башталганынын үч жылдыгы


Муну утурлай жасаган билдирүүлөрүндө америкалык расмий өкүлдөр Ирактын келечеги боюнча оптимисттик көз караштарын билдирип, өлкө атуулдук согушка кептелди деген ырастоолорду четке кагышты.

Маселен АКШ президенти Жорж Буштун айтымында, аларда Ирактын стабилдүүлүгү үчүн узак мөөнөттүү план бар:

-Биз Иракта жеңишке алып бара турган стратегияны ишке ашырып жатабыз. Бул Иракты коопсуз кылып, келечек муундун тынчтыгы үчүн негиз түзүүгө жардам берет. Аскерлерибизди ушул оор жолдо Кудай колдосун.

Жорж Буш ошондой эле Ирактын саясий лидерлерин жаңы өкмөттү куруу үчүн жарнакташып иштөөгө чакырды.

Ал эми согуш башталганын үч жылдыгы АКШнын өзүндө, айрым европалык өлкөлөрдө, Иракта аскерлери бар Жапония, Түштүк Кореяда согушка каршы миңдеген адамдар катышкан демонстрациялар менен белгиленди.

Мунун аралыгында кечээ Ирактын саясий партиялары Улуттук коопсуздук кеңешин уюштурууну макулдашты. Ал өкмөткө кеңеш берүүчү орган болот.

XS
SM
MD
LG