Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:44

БШК: Р. Акматбаевди шайлоодон четтетүүгө негиз жок


БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясы Балыкчы шайлоо округу боюнча коюлуп жаткан дооматтар негизсиз деп эсептейт. БШКнын маалымат кызматынын жетекчиси Нина Мухина “Азаттыкка” билдиргенине караганда, аталган округдагы талапкер Рыспек Акматбаевди каттабай коюуга негиз боло турган документтер комиссиянын колунда жок. Буга чейин БШК Рыспек Акматбаев соттолгондугу бар адам катары шайлоого катыша алабы же жокпу деген суроо менен Жогорку Кеңешке жана Жогорку сотко кайрылган. Нина Мухинанын айтымында, экөө тең БШКга так жооп узаткан жок. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы 20- мартта БШКны аталган талапкерди шайлоодон четтетүүгө чакырган. БШК бүгүн бул маселе боюнча ырасмий билдирүү таратат.

XS
SM
MD
LG