Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

Иран боюнча Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү ортосундагы соңку сүйлөшүүлөрдө олуттуу жылыш болгон жок


Нью-Йоркто 20-мартта болгон сүйлөшүүлөргө Коопсуздук кеңешин туруктуу беш мүчөсү: Британия, Кытай, Орусия, АКШ, Франциядан тышкары Германиянын дипломаты да катышты. Бирок тараптар Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу чатакты чечүү боюнча биргелешкен стратегияны макулдаша албады. Кабарларга караганда, АКШ, Британия, Франция Орусия менен Кытайды Иран эгер уранды байытуу программасын токтотпосо, Коопсуздук кеңеши катаал чара көрүүсү керектигине ынандыра албай жатат. Коопсуздук кеңешинин баардык15 мүчөсү Иран боюнча билдирүүнүн долбоорун макулдашуу максатында консультацияларды бүгүн да өткөрөрү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG