Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:25

Боршайкомдун Рысбек Акматбаевге эч дооматы жок


БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн таркаткан билдирүүсүндө Балыкчы шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгы үчүн ат салышып жаткан Рысбек Акматбаевдин талапкерлигин алып салууга эч кандай юридикалык негиз жоктугун белгиледи. БШК буга чейин аталган талапкердин соттолгону жоюлган-жоюлбаганын тактап берүү өтүнүчү менен Жогорку сотко жана Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине кайрылган, бирок эки тараптан тең так жооп болгон эмес «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын башчысы Эдил Байсалов кечээ мыйзам талаптары боюнча Рысбек Акматбаев талапкер катары шайлоого катыша албастыгын айтып, Борбордук шайлоо комиссиясын аталган талапкерди шайлоодон четтетүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG