Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

МАСКӨӨ-БЭЭЖИН ЧАРБАЛЫК АЛАКАСЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Кечөө Бээжинде сапарда жүргөн Орусия президенти Владимир Путин менен Кытай элдик жумуриятынын төрагасы Ху Цзинтао сүйлөшүүлөр өткөрүштү. Тараптар эл аралык алакалар жана эки тараптуу экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулашты. Бир катар келишимдерге кол коюлду. Кытайга орусиялык карамайды жана газ сатуу үчүн тийешелүү куурларды куруу боюнча да макулдашылды.

Экономикалык анализчилер чөйрөсүндө орус президентинин Бээжинге сапарынан алда канча мурдараак эле: «Путиндин бул жолку сапары Орусия менен Кытайдын өз ара алакасына бурулуш жасайт», - деп айтылып жатты.

Азыркы тушта Орусия коңшусуна - экономикасы дүркүрөп өнүгүп бараткан Кытайга жылына (темир жол аркылуу) 15 миллион тоннадай карамай (мунай) жөнөтүп турат.

Орус өкмөт төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевдин айтканына караганда, 2010-жылы Маскөө менен Бээжиндин ортосунда өз ара сооданын жүгүрүшү 80 миллиард доллардык көлөмдү түзмөкчү.

Айрым саясий анализчилердин баамында болсо, Кытай азыркы тушта коомчулугу демократиялык өнүгүүгө жетише элек мамлекет, ал - куду советтик кезде хрущевдук «жаңылануу» деңгээлине келип калган абалда.

Ошол себептен Маскөө менен Бээжиндин саясий жактан чукулдашып кетиши биринчи кезекте Орусияга кошуна Украина, Грузия жана Кыргызстанга терс таасирин тийгизет, дешет айрым серепчилер.

Кечөө Владимир Путин Ху Цинтао менен жолугушкандан кийин журналисттерге эки мамлекеттин өз ара алакасы дагы да чыңдала тургандыгын айтты:

- Ар кыл 29 документке кол коюлду. Алардын ичинен бирөө гана жалпы саясат тууралуу. Калгандары экономикалык мүнөздө. Алардын наркы миллиарддаган долларларга тете.

«Эксперт– центр» басылмасынын жазганына караганда (21.03.2006), «Газпром» буга дейре Кытайдын өз каражаты менен куур куруусуна макул болуп келаткан, бирок Орусия акыркы мүнөттө ал убадасынан айныды».

Кандай болгон күндө да, «Газпром» акционердик коомунун жетекчиси Алексей Миллер менен Кытай улуттук карамайгаз корпорациясынын (CNPC) жетекчиси Чен Гэн кол койгон келишимди анализчилер саммиттеги эң кымбат жана баалуу келишим катары баалашууда. Анын арибине ылайык, Орусия Кытайга жылына 60-80 миллиард кубометр газ сатаары болжолдонууда.

Баса, Сибирден чыгып Кытай жергесине өткөрүлүүчү эки куурдун бири «Алтай» деп аталаарын президент В.Путин кечөө баса белгиледи.

Серепчилердин айтымында, бул, демек, Кремлдин отун-кубат тармагындагы тышкы саясаты Азияны да кучагына ала баштады дегенди билдирет.

XS
SM
MD
LG