Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:36

420 миң доллардын доосу боюнча бүгүн сотто УККнын кызматкерлери көрсөтмө беришет


БИШКЕК. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда экс- президентке мыйзамсыз берилди делген 420 миң доллар боюнча сот жараяны улантылат. Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбановду коргоп аткан адвокат Сергей Слесарев “Азаттыкка” бүгүн билдиргенге караганда, бүгүнкү сот жараянында Улуттук коопсуздук кызматынын үч кызматкери күбө катары көрсөтмө беришет. 1999- жылы президент Аскар Акаевге чоң суммадагы мамлекеттик каражатты мыйзамсыз берген делип финансы тармагында жооптуу кызматтарда иштеген 5 адам айыпталууда.

XS
SM
MD
LG