Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Р. Акматбаевдин соту шайлоо аяктагыча токтотулушу ыктымал


БИШКЕК. Бишкек шаардык соту бүгүнкү отурумунда Балыкчы округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып жаткан Рыспек Акматбаевдин ишин шайлоо жараяны аяктагыча токтотоорун же улантаарын жарыялайт. Шаардык сотко киши колдуу болуп каза тапкан милициянын полковниги Чыныбек Алиевдин жакындары апелляциялык арыз жазган. Эскерте кетели, Рыспек Акматбаев баштаган 9 адамга үч адамды өлтүргөн деген айып тагылып, бирок райондук сот тарабынан акталышкан. Борбордук шайлоо комиссиясы кечээги билдирүүсүндө Рыспек Акматбаевди шайлоодон чететтүүгө укуктук негиз жок экенин жарыялады. Балыкчы округундагы шайлоо 9-апрелде өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG