Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:18

Баткенде ич келте илдетинин жайылып кетүү коркунучу бар


БАТКЕН. Баткенде ичкелте оруусу менен дагы эки учур катталды. Ушуну менен облуста жыл башынан бери 6 адам бул ооруу менен катталып, жергиликтүү дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Баткен облустук санитардык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Шайыргүл Кыргызбаеванын 22-мартта Азаттыка берген маалыматына караганда, Баткенде ичкелтеге каршы эмдөө 2004-жылы жүргүзүлгөн, эми быйыл да эмдөө жүргүзүлбөсө жай айларында бул илдет менен ооругандардын саны былтыркыга караганда 5 эсеге өсүшү мүмкүн. Акыркы катталгандар Баткен районуна караштуу Кызылбел жана Актатыр айылдарынын жашоочулары.

Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!


БИШКЕК. Синоптиктердин шашылыш билдирүүсүнө караганда, 23-мартта Ош, Жалалабат облустарынын тоолуу аймактарында жана Бишкек-Ош жолунун 198-265 чакырым аралыктарында кар көчкү жүрүшү күтүлүүдө.

23-мартта Кыргызстандын айрым аймактарында жаан-чачын болот. Тоолорго кар жаайт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн 0...+5, күндүз +9...+14 градус.
Таласта түнкүсүн 0...+5, күндүз +6...+11 градус.
Ысыккөл облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз +1...+6 градус болот.
Жалалабат, Ош, Баткен дубандарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +10...+15 градус.
Нарында түнкүсүн -2...-7, күндүз +1...+6 градус.
Бишкекте ала булут каптап турат. Түнкүсүн жамгыр жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1...+3, күндүз +11...+13 градус болот.

Шайырбек Эркин уулу

Редактору Кубатбек ЧЕКИРОВ

XS
SM
MD
LG