БИШКЕК. Элдик ыңкылап күнүнүн алдында Украина президенти Виктор Ющенко президент Курманбек Бакиевдин наамына куттуктоо жолдоду. Жалпы кыргыз элине жолдонгон бул куттук катта кыргыз ыңкылабы менен Украинадагы кызгылт-сары ыңкылаптын түпкү максаттары үндөш, биздин өлкөлөрдү жана элибизди демократиялык коомду курууга болгон умтулуулар бириктирип турат деп айтылат.