БИШКЕК. Африкадагы эң жакыр мамлекеттерди камтыган ХИПИК программасына Кыргызстандын кирүү маселесинин күн тартибине коюулушу Аскар Акаевдин президенттигинин жыйынтыгы. Ушундай пикирин Тышкы иштер боюнча мурдагы министр Роза Отунбаева Азаттыкка мындайча билдирди:
- Эң жакыр, эң бир айласы жок, согуш болуп аткан өлкөлөрдүн катарына кирген атабыз. Бул деген Аскар акаевдин башкаруусунун жыйынтыгы,- дейт Роза Отунбаева.
ХИПИККе кирүүгө Кыргызстан даяр деген арызга 22- мартта премьер-министр Феликс Кулов кол койду. Жаш саясатчылардын форуму революциялык бийлик өлкөнү Казакстан, Россия өңдүү мамлекеттерге эмес, Уганда, Самоли өңдүү африкалык өлкөлөрдү көздөй сүйрөп атат деп билдирүү жасады. Кыргызстандын учурда тышкы карызы 2 миллиард доллардан ашык. Бул деген бир жылкы мамлекеттик бюджеттен 4 эсеге көп.