Европа биримдиги кооптуу деп эсептелген чет элдик 93 авиокомпаниянын учактары алардын аймагына каттосуна тыюу салды. Кара тизмеге киргизилген авиакомпаниялардын көпчүлүгү Африка өлкөлөрүнүкү. Бирок тизмеде Ооганстандын негизги "Ариана" жана Казакстан менен Кыргызстандын экиден авиакомпаниясы да бар. Тизмедеги кыргызстандык компаниялардын ысымы коомчулука анча белгисиздей, Phoenix Aviation жана Reem Air деп аталат. Тыюу салуу жүргүнчү гана эмес жүк ташуучу каттамдарга да тиешелүү.