Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 01:29

Аскар Акаев мурдагы баш прокурорго акча сунуштаганбы?


БИШКЕК. «Кыргызстан» коомдук саясий кыймылынын координациялык кенешинин төрагасы Азимбек Бекназаров баш прокурор болуп турганда Аскар Акаев ишенимдүү кишилери аркылуу өзүнө жана жакындарына байланышкан кылмыш иштерин токтотууну өтүнүп, кандайдыр бир өлчөмдөгү акча сунуштаганын, бирок ага макул болбой, өз шарттарын койгонун бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Бирок ал Акаев канча акча сунуштаганын айткан жок.

Аскар Акаевдин адвокаты Максим Максимович ушул эле күнү маалымат таратып, «бул баштан-аяк калп, жалган жалаа» деп билдирди. Адвокат Максимович билдирүүсүндө баш прокурордон КР конституциясынын 53-беренсине ылайык, Азимбек Бекназаровдун бул сөзү үчүн анын үстүнөн кылмыш ишин козгоону талап кылган.

XS
SM
MD
LG