Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:52

Аскар Акаевдин жаңылыштыгы эмнеде?


БИШКЕК. Учурда Москвада жашап жаткан Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев бүгүн «Азаттык» радиосуна кенен маек куруп, март ыңкылабы, Үзөнгү кууш маселеси, Аксы окуясы тууралуу жана башка маселелерге байланышкан суроолорго жооп берди. Аскар Акаев учурунда улуттук коопсуздук кызматы так маалыматтарды бербегенин айтып, айрым жетекчилерди убагында алмаштырбай койгонун март ыңкылабынын алдындагы эң чоң жаңылыштыгы катары атады:

- Шайлоонун (парламенттик) алдында ташыркап калган, же жеңил көз карашта иштеген жетекчилерди алмаштырыш керек эле. Мен шайлоодон кийин жаңы өкмөт түзсөк, жаңы күчтөрдү, жаңы лидерлерди алып чыксак деп ойлогом. Бул менин чоң жаңылыштыгым болду.

Аскар Акаев мындан сырткары Үзөңгүкууш маселесинде доомат болушу мүмкүн эместигин, ал Кыргызстандын пайдасына чечилгенин айтып, Аксы окуясы жергиликтүү бийликтердин катасынан улам чыккан деп эсептеди. Мурдагы президент ошондой эле былтыр 24-мартта «курал колдонбогула, элди атпагыла» деп акыркы жолу буйрук бергенин эскерди.

XS
SM
MD
LG