БИШКЕК. Өздөрүн Кыргызстан патриоттук кыймылы деп атаган кыймылдын башчысы Назарбек Нышанов бүгүн ыңкылапка каршы пикетке чыкмакчы болуп жаткан жеринен милиция кармап кеткенин, Биринчи Май райондук прокуратурасы анын аракети мыйзам талаптарына каршы келээри тууралуу эскертүү бергенин билдирди. Ал эки пикирлеши менен «24-марттагы революция - элди алдоо» деген сыяктуу сөздөр жазылган плакаттарды көтөрүп, пикетке чыкмакчы болгон. Назарбек Нышанов 24-марттагы окуяны төңкөрүш жана конституцияга каршы келген окуя деп эсептейт.