БИШКЕК. Салык төлөөдөн качып, мыйзам бузуп келе жаткан бир катар ишканалар жакында жалпы журтка жарыя аталат. Аларды Жогорку Кеңештеги коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комиссия иликтеп тактап чыккан. Бул тууралуу аталган комиссиянын мүчөсү, депутат Кубатбек Байболов «Азаттыкка» билдирди. Байболовдун маалыматына караганда экс-президент Аскар Акаевдин учурунда жана азыр да коррупциялык иштерге аралашкан жогорку кызматтардагы чиновниктердин ысымдары да жарыяланат.