АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс кечээ күнү билдиргенге караганда, жакын арада америкалык жана ирандык өкүлдөр ортосунда сүйлөшүү өткөрүлөт. Акыркы мезгилде Вашингтон Тегеранды - кошуна Ирактын ички иштерине кийлигишип жатат деп күнөөлөп келет. АКШ менен Иран ортосунда 25 жылдан бери дипломатиялык мамиле жок.