Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

Кыргызстандын Конституциясынын жаңы долбоору иштелип чыгат


Бишкек. Президенттин жардыгы менен Кыргызстандын Конституциясынын жаңы долбоорун иштеп чыгуу үчүн атайын комиссия түзүлдү. Аны Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров жетектей турган болду. Бул тууралуу депутат Бекназаров «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, аталган комиссиянын курамына юстиция министри, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, юристтер, бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү кирди. Бирок, азырынча бул маалыматты президенттин басма сөз кызматы тастыктаган жок. Ал эми өткөн жылы түзүлгөн Конституциялык кеңешме жана тиешелүү органдар тарабынан учурда калк арасында мамлекеттик башкаруунун формалары боюнча түшүндүрмө иштер жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу аталган кеңешменин төрага орун басары, парламенттин депутаты Айдар Керимкулов 25-мартта «Азаттыкка» билдирди.

XS
SM
MD
LG