Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Жетиөгүз районунда саясий партиялардын шайлоого катышуу укуктарына байланыштуу семинар өттү


КАРАКОЛ. Кыргызстандагы АКШнын Эл аралык демократияны өнүктүрүү институтунун өкүлдөрү Ысыккөл облусунун Жетиөгүз районунда болуп, саясий партиялар менен шайлоонун укуктук мүмкүнчүлүктөрү туурасында семимнар өткөрдү. Ага облустагы бардык саясий партиялар менен коомдук бирикме мүчөлөрү катышты. Ысыккөлдөгү Социал-демократиялык партиясынын координатору Догдурбай Мусабековдун ырасташынча семинардын жүрүшүндө Кыргызстан демократиялык тандоосу деген коомдук бирикмесинин өкүлү партия менен бирикмелердин ишмердүүлүгүн жергиликтүү бийлик кысымга алып атканын белгилеген. АКШнын демократияны өнүктүрүү институту шайлоодогу коомдук сектордун укугу жөнүндө тереңдетилген билдирүү таратты.


Аба ырайы.

Синоптиктердин кабарлоосу боюнча, 26-мартта республиканын Ош, Жалалабат, Баткен облустарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт, тоого кар түшөт.

Абанын температурасы:

ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн +2...+7, күндүз +14....+19 градус.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн 0…+5 , күндүз +12...+17.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАТ облустарында түнкүсүн +4...+9, күндүз +14...+19 градус.
ЫСЫККӨЛдө түнкүсүн -4…+1, күндүз +8...+13 градус.
НАРЫНда түнкүсүн 0...-5, күндүз +6...+11.
БИШКЕК шаарында ала булут каптап турат, жаан-чачындын болушу күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +3...+5, күндүз +17...+19 градус.

Азиза Турдуева жана облустук кабарчылар

Редактору Кубатбек ЧЕКИРОВ

XS
SM
MD
LG