Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Беларуста оппозиция бүгүн демонстрация өткөрөт


Соңку кабарларга караганда, полиция борбордук аянтты тосуп, миңдеген демонстранттарды өткөрбөй жатат.

Либералдуу оппозиция президент Лукашенко шайлоону будамайлоо жолу менен шайланды деп ырастап, өз колдоочуларын нааразылык билдирүүгө үндөөдө. 19-марттагы добуш берүүгө Лукашенкодон утулуп калган Александр Милинкевич өз талапкерлерин "эч нерсеге карабастан", бүгүн Минскинин Октябрь майданына чогулууга чакырган.

Нааразылардын төрт күндөн бери турган чатыр турагын полиция аталган аянттан Кечээ тазалады. 200дөй киши камакка алынды. Кошмо Штаттары жана Европа Биримдиги полициянын бул аракетин сынга алып, Беларуска карата жаңы чектөөлөр киргизилээрин эскертишти. АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Адам Эрели Беларус полициясынын аракетин эл аралык деңгээлде кеңири айыптоо зарыл деп эсептейт:

- Кошмо Штаттары жана Европа Союзу Беларустагы кырдаалга бирдей көз карашта. Биз эл аралык коомчулуктун бардык мүчөлөрүн Беларус бийликтеринен өз жарандарынын пикирин тынчтык мүнөздө билдирүү укугун сыйлоону жана күч колдонууну айыптоого чакырабыз.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бирок полиция сабырдуулук менен аракеттенди деди. Ал ошондой эле Европпадагы Коопсуздук жана Кызматташттык уюмун Беларуста чагымчылык кылып жатат деп күнөөлүдү. ЭККУ беларус шайлоосун мыйзам бузуулар менен өттү деп мүнөздөгөн эле.

Жаныл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG