БИШКЕК. Украинада Жогорку Радага шайлоо тынч өтүүдө. Мыйзам бузууларды байкаган жокпуз, деп билдирди Украинанын Сумы шаарынан “Демократия жана атуулдук коом үчүн коалициясынын” жетекчиси Эдил Байсалов 26-мартта “Азаттык” үн алгысына. Анын айтымында, Украинанын парламентиндеги шайлоого байкоочу катары Кыргызстандан 25 адам барган.