Ички иштер министри Владимир Наумов мамлекеттик төңкөрүш коркунучунан улам манифестанттарга каршы күч колдонулду деп билдирди. Баары болуп 52 киши кармалды, деп айтты ал. Алардын ичинде президенттикке талапкер болгондордун бири Александр Козулин Жодино шаарындагы утурумдук абак жайына жеткирилди. Евросоюз белорус бийликтеринин кечээги кадамдарын кескин сынга алды.