Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:03

27-МАРТ ЭЛ АРАЛЫК ТЕАТР КҮНҮ КЫРГЫЗ КӨРКӨМ ӨНӨР ЧӨЙРӨСҮНДӨ РАСМИЙ БЕЛГИЛЕНБЕЙТ


Аманбек Жапаров,Бишкек Кийинки мезгилде Кыргызстанда 27-март эл аралык театр күнүнө анча маани берилбей келүүдө. Союз биримдиги кезинде театр ишмерлер коомунун уюштуруусунда атайын фестиваль уюштурулуп, театр өнөрүн өнүктүрүү, сахна чеберлерине колдоо көрсөтүү маселеси мамлекеттик деңгээлде каралуучу. Быйыл бул күн “Маска” коомдук кору менен бирге Маданият министрлиги тарабынан жупуну өткөрүлө турган болду.

1961-жылы Венада өткөн ЮНЕСКОнун Эл аралык театр институтунун IX конгрессинде 27-мартты эл аралык театр күнү катары белгилөө бекитилген. Ал эми Кыргызстанда 1962-жылдан баштап 90-жылдарга чейин театр күнү жылыга расмий белгиленип, анда улуттук театр өнөрүнүн өнүгүшүнө баа берилип, чыгармачылык жамааттын профессионалдык деңгээлин жогорулатуу жана материалдык-техникалык жактан мамлекет колдоого алып келген. Өлкөдөгү экономикалык оор абал театр өнөрүнө да таасирин тийгизип, соңку он беш жылдан бери эл аралык театр күнүнө маани берилбей калган.

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын башкы хормейстри Карагул Тиленчиевдин пикиринде театр күнүн белгилөгөө бизде анчейин маани берилбей келүүдө:
-Тиешелүү министрлик тарабынан расмий белгиленет деп атап коюшса, театрлар биригишип, өздөрү эле шаан-шөкөттү уюштурмак.Баш жагынан көңүл бурулбаса, төмөн жактагылар кыймылдамак беле. Тетар өнөрүнө жок дегенде бир жылда маани берүү театр өнөрүнүн бүгүнкүсүнө, келечегине пайдалуу болмок,-деди Карагул Тиленчиев.

Быйыл театр күнүнө карата Маданият министрлиги “Маска” коомдук кору менен бирге театр жана кино өнөрүнүн залкар чебери Советбек Жумадыловду, белгилүү драматург Мырза Гапаровду эскерүү кечесин өткөрө турган болду. Улуттук кыргыз драма театрында Гапаровдун калемине таандык “Кумдуу чөл” спектакли көргөзүлөт.

-Албетте театр күнүнүн масштабдуу деңгээлде белгиленбей калышы өкүнүчтүү. Кийинки мезгилдерде театр фестивалы эптеп-септеп өткөрүлүп калбадыбы. Бул сахналык өнөргө терс таасирин тийгизүүдө. Минтип отурсак кыргыз театр өнөрүн өстүрө албайбыз. Бирок биз 27-март бүткүл дүйнөлүк театр күнү катары белгиленип аткандан кийин, кол куушуруп отуруп калбай, эскерүү кечесин өткөрүүнү ылайык көрдүк,- деди "Маска” коомдук корунун жетекчиси Сатылган Сазаев.

Сатылган Сазаев белгилегендей, учурунда Советбек Жумадылов “Туздуу чөл” спектаклинде башкы каармандын ролун жогорку чеберчиликте аткарган. Спектакль болоордун алдында залкар актер менен драматургдун чыгармачылыгы, өмүр жолу эскерилип, чакан көргөзмө, телетасмалар көргөзүлөт. Ошону менен катар Советбек Жумадылов менен Мурза Гапаровдун жашаган үйлөрүнүн дубалына мемориалдык такта коюларын белгиледи Сатылган Сазаев.

Ал эми Кыргыз эл артисти Дүйшөн Байдөбетовдун эскерүүсүндө Советбек Жумадыловду акыркы сапарга узатуу 27-мартка дал келген.

Тагдырдын тамашасын карасаң. Улуу актер Советбек Жумадылов 27-мартта оо, дүйнө кеткен күн эле. Жерге жашырган күн эле. Кайран талант. Бул жарык дүйнө менен эл аралык театр күнү коштошуп кеткени эле кандайдыр бир белгисиз касиеттүү күчтөн сыр берет. Биз көзү өткөн театр чеберлерин эскерип, көрүүчүлөргө спектакль тартуулайбыз. Өзүбүздүн көңүлдү өзүбүз көтөрбөсөк, башка жактан бирөө келип салтанат куруп бермек беле.

Кыргыз эл артисти Дүйшөн Байдөбетов 27-март эл аралык театр күнү Кыргызстанда да расмий белгиленип, көркөм өнөр чеберлерине коомчулук көңүл бөлөт, деген оптимистик көз карашын билдирди .
XS
SM
MD
LG